• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Азербайжандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 21-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Азербайжан Республикасынын жаңыдан дайындалган тышкы иштер министри Джейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Айдарбеков кесиптешин кызматка дайындалышы менен куттуктап, кесиптик ишмердүүлүгүндө ага ийгиликтерди каалады.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин учурдагы деңгээлине канааттануу билдиришти, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана өз ара аракеттенүүнү арттыруунун мындан аркы жолдорун талкуулашты. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштардын графиктери талкууланды.

Ошондой эле эл аралык жана региондук күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде, Түрк кеңешинин, БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий