• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Бакуда жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 14-октябрь күнү Баку шаарында Кыргызстан менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Эльмар Мамедъяровдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министринин басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн министрлери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин мамлекет башчыларынын жетинчи саммитин даярдоонун алкагында жолугушту.

Тараптар ушул жылдын 7-октябрында Бишкек шаарында болуп өткөн экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын III жыйынынын ийгиликтүү өтүшүн канааттануу менен белгилеп, эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты. Ошондой эле ар кандай деңгээлдерде эки тараптуу сапарларды уюштуруу жолу менен саясий диалогду бекемдөөнүн зарылчылыгын баса белгилешкен.

"Ошондой эле тараптар эл аралык жана регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты жана эки тараптуу байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын тастыкташты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий