• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Будапештте жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Кечээ, 18-сентябрь күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Мамедяр Будапешт шаарында (Венгрия) жолугушту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда министрлер эки өлкөнүн кызматташтык маселелерин талкуулашкан.

Айдарбеков жакын арада экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиясынын III отурумун өткөрүү аркылуу экономикалык кызматташтыкты арттыруу маанилүү экендигин билдирген.

Андан тышкары, Бишкектеги Гейдар Алиев атындагы мектептин жана сейил бактын курулушу тууралуу да сөз болгон.

Пикир

Оставить комментарий