• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан менен БАЭ билим берүү жана илим жаатында кызматташа турган болду

Билим 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана Бириккен Араб Эмираттарынын Заед Бин Султан Аль-Нахайян Кайрымдуулук гуманитардык фондунун генералдык директору Хамад Салем Кардаус Аль-Амри билим берүү жана илим жаатында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Иш-чара бүгүн, 2021-жылдын 10-мартында, Бишкек шаарында өттү, - деп билдирет Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ушул эле күнү Чүй облусунун Токмок шаарында Ислам академиясынын болочоктогу имаратынын жерпайына капсула салуу аземи болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Улукбек Кармышаков, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу элчиси Абдулатиф Жумабаев жана БАЭнин Хамад Салем Кардаус Аль-Амри башында турган делегациясы катышты.

Белгилей кетсек, Академиянын курулушу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен БАЭнин Заед Бин Султан Аль-Нахайян Кайрымдуулук гуманитардык фондунун ортосунда Ислам академиясын негиздөө боюнча тиешелүү макулдашуулардын алкагында башталат.

Макулдашууларга ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана БАЭнин Заед Бин Султан Аль-Нахайян Кайрымдуулук гуманитардык фонду академиянын негиздөөчүлөрү болуп саналат.

Тиешелүү документтерде Академиянын Камкордук кеңешинин курамына БАЭнин 4 өкүлүн жана Кыргыз Республикасынын 3 өкүлүн киргизүү сунушталууда.

Академия магистратура жана докторантура программалары боюнча дин таануу жана диний предметтерди тереңдетип өздөштүрүү менен светтик билим берет.

Түзүлүп жаткан академиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр:

- теология, дин таануу жана чектеш илимдер жаатында жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү, адистерди даярдоо жана академиялык дараметти жогорулатуу;

- теология, дин таануу жана башка илимдер жаатындагы илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү, эксперттик жана аналитикалык иштерди жүргүзүү, ошондой эле коомдо жана диний коомчулуктарда заманбап илимий билимдерди жайылтуу;

- социология, укук жана чектеш илимдер чөйрөсүндөгү жалпы билимдерди берүү, ошондой эле теология жана дин таануу чөйрөсүндөгү тереңдетилген билимдерди берүү менен диний ишмерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.

Ошентип, академиянын базасында ислам таануу жана дин таануу чөйрөсүндө квалификациялуу адистерди даярдоо божомолдонууда. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери да коомдогу ар кандай диний радикалдык тенденцияларды аныктап таанууга жөндөмдүү болуу үчүн заманбап диний илим жөнүндө маалымат алуу максатында академиянын дарстарынын угуучулары боло алышат.

Угуучулардын жалпы сыйымдуулугу 200 адамды түзөт, алардын ичинен магистратура жана докторантура программалары боюнча 150 адам (100 – күндүзгү, 50 – сырттан окуу), даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу курстарында 50 угуучуга чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий