• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен БАЭ кызматташат. Дубайда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратынын министрлер кабинетинин иши жана келечеги боюнча министри Мохаммад бин Абдулла Аль Гергави менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Акылбек Жапаров маектешин Бириккен Араб Эмиратынын негизделгендигинин 50 жылдыгы менен куттуктады.

Тараптар эки мамлекеттин кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, ар кыл тармактагы чоң мүмкүнчүлүктөрдү белгилешти.

Акылбек Жапаров туризм тармагындагы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Атап айтканда, акыркы 9 айда 4 миңге жакын БАЭ жараны биздин өлкөгө келип кеткен. Мындан тышкары, бир катар социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу уланууда.

«Белгилүү болгондой, экономика жана инвестиция тармагында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда жумушчу топ түзүлгөн. Министрлер кабинети жумушчу топтун алкагында келип чыккан маселелерди чечүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтөт. Бүгүн биз меморандумга кол коюп жатабыз, бул биздин биргелешкен ишибиздин алгачкы жыйынтыгы. Жумушчу топтун аракеттери кыргыз-эмират кызматташтыгын илгерилетүүгө салым кошот деп ишенем. Биз ошондой эле мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү өкмөттүк акселератордук программалар маселесинде БАЭ тажрыйбасын пайдаланууга кызыкдарбыз», - деди ал.

Араб Эмиратынын министрлер кабинетинин иши жана келечеги боюнча министри Мохаммад бин Абдулла Аль Гергави өз кезегинде эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи жана түзүлгөн жумушчу топ соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого мүмкүндүк берет деп белгиледи.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жана Бириккен Араб Эмиратынын Өкмөтү ортосунда институционалдык өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу жаатындагы өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюу аземи өттү жана эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуу боюнча эксперттик топтун иш планы кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий