• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен БАЭнын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын, 10-майында Эмираттар тарабынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик министри Ахмед бин Али Сайег менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БАЭнын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана эки тарапты кызыктырган тармактарда аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга, атап айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн турак жайларды курууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н. Ниязалиев жана мамлекеттик министр А. Али Сайег бири-бирин келе жаткан Орозо айт майрамы менен куттукташты. Телефондук сүйлөшүүнүн аягында Нуран Ниязалиев Ахмед бин Али Сайегди ага ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Эмират тарап чакырууну кубануу менен кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий