• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмиратынын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министри шейх Абдалла бин Заед Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары коронавирустук инфекцияга байланышкан эпидемиологиялык кырдаалга каршы аракеттенүү боюнча бирдиктүү колдоолор жана чаралар маселелерине өзгөчө көңүл бөлүү менен, эки тараптуу кызматташуунун абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Министр Айдарбеков COVID-19 менен күрөшүүдө кыргыз тарапка гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн эмират тарабына ыраазычылыгын билдирдип, Кыргыз Республикасы менен гуманитардык кызматташууну улантуу боюнча БАЭ Өкмөтүнүн ниетин кубаттады.

Ошондой эле Айдарбеков кесиптешин БАЭнын жана бүтүндөй араб дүйнөсүнүн прецедентсиз жетишкендиги - «Үмүт» («Надежда) зондунун Марс планетасына ийгиликтүү учуусу менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий