• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Бахрейндин өз ара визалык катташуу жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23-май /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмиратынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эгерде жогорудагы келишим ратификацияланса, Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмиратынын жарандары виза алуудан бошотулуп, ал өлкөлөрдүн аймагында 90 күнгө чейин визасыз жүрө алат.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн берген маалыматына караганда, Кыргызстанда 1100 адамга дипломатиялык паспорт берилген.

Пикир

Оставить комментарий