• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Бангладештин ортосундагы алакаларды бекемдөө маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Бангладештин Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Жахангир Алам КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлѳрүн тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр Казакбаев дипломатиялык миссиянын башчысын кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу кызматташуунун ар тараптуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын деңгээлин көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ушуга байланыштуу тараптар мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссия түзүү зарылдыгына макул болушту.

Тараптар ошондой эле маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү жана парламенттер аралык байланыштарды түзүү зарылдыгын белгилешти. Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө биргелешкен ишканаларды түзүүгө, туризмди өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө эки тарапты кызыктырган актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты.

Тактап айтканда, министр Казакбаев 2023-2025-жылдар аралыгында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөсүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчүн билдирди.

Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасынын жана Бангладештин Тышкы иштер министрлеринин биринчи эки тараптуу жолугушуусун 2021-жылдын 15-16-июлунда Ташкент шаарында ѳтүүчү “Борбордук Азия жана Түштүк Азия: Аймактык мамилелер” эл аралык конференциясынын алкагында уюштурууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий