• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстан менен Бельгия практикалык кызматташтыкты чыңдайт

Саясат 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда Брюсселде КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бельгия Королдугунун тышкы иштер, Европа иштери, тышкы соода жана федералдык маданий институттар министри Хаджа Лахбиб менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар быйыл Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толуп жатканын канааттануу менен белгилешти.

"Министрлер кызматташтыктын конструктивдүү жана достук мүнөзүн баса белгилеп, эки тараптуу мамилелерди активдештирүү ниетин ырасташты. Анын алкагында жогорку деңгээлдеги саясий диалогду, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана келишимдик-укуктук базаны бекемдөө боюнча пландар талкууланды. Тараптар практикалык кызматташтыкты чыңдоого макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.

Эки өлкөнүн ТИМ башчылары ошондой эле глобалдык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана коопсуздук чакырыктары боюнча пикир алмашышты.

Тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайлануусу менен куттукташты. Кеңештин мандатынын алкагында да, эки тараптуу деңгээлде да адам укуктарын илгерилетүү боюнча биргелешкен ишти улантуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий