• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы укуктук кызматташтык маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. 2019-жылдын 9-декабрында Брюссель шаарында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бельгия Королдугунун федералдык прокурору (башкы прокурору) Фредерик Ван Лев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Белгилүү болгондой, тараптар Кыргыз Республикасы менен Бельгия Королдугунун ортосундагы укуктук кызматташтык маселелерин, ошондой эле КР жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелерди талкуулашты.

Министр Ч.Айдарбеков Кыргызстандагы сот адилеттиги чөйрөсүндөгү учурдагы реформалар, ошондой эле Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча жаңы стратегиясы жөнүндө Бельгиянын федералдык прокурорун маалымдады. Тараптар өлкөлөр ортосунда укуктук кызматташтыкты илгерилетүүнү, акча адалдоого, терроризмге жана наркотрафикти мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашууну жүзөгө ашырууну макулдашты.

Бельгиянын федералдык прокурору Ф.Ван Лев жогоруда айтылган багыттар боюнча өлкөдө көрүлүп жаткан чаралар тууралуу өзүнүн маалыматы менен бөлүштү жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Маалымат үчүн: Бельгиянын Федералдык прокуратурасы - юрисдикциясы Бельгиянын бардык территориясын камтый турган мамлекеттик орган болуп саналат. Бул орган жергиликтүү прокурорлордун юрисдикциясынын чегинен ашкан адамдарды сатуу, терроризм, уюшкан кылмыштуулук жана акча адалдоо сыяктуу кылмыштарга каршы кыйла эффективдүү аракеттерди көрүү үчүн түзүлгөн. Федералдык прокуратура ошондой эле эл аралык гуманитардык укуктун олуттуу бузулушу үчүн дагы жоопкерчиликти алат. Мындан тышкары, федералдык прокурордун кеңсеси эл аралык кызматташтыкты орнотууга жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча функцияларды дагы жүзөгө ашырат. Федералдык прокуратура федералдык прокурор башында турган федералдык магистраттардан турат жана Брюсселде жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий