• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Беларустун Бажы кызматтарынын башчылары сүйлөштү

Коом 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков менен Беларустун Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Владимир Орловский телефон аркылуу сүйлөштү.

Бажы кызматынан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Беларустун бажысында Кыргызстанга бара жаткан унаалардын топтолушу талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар топтолгон унаалардын тездетилген өтүүсү боюнча иштерди жүргүзүү зарылчылыгы боюнча өз ара түшүнүшүүгө келишти.

Эске салсак, ЖМКлар бир нече ирет автоунаа ташуучулардын билдирүүлөрүн жарыялаган, анда алар 2023-жылдын башынан бери Кыргызстанга ташылган 500дөн ашык автоунаа Беларусь бажысында кармалып жаткандыгын айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий