• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР менен болгон тыгыз өз ара аракеттешүүнүн өнүгүшүнө кызыкдарбыз — Эмомали Рахмон

Саясат 0

Бишкек, 27.07.19. /Кабар/. "Биз Кыргызстан менен болгон тыгыз өз ара аракеттешүүнүн туруктуу өнүгүшүнө кызыкдарбыз, биздин өлкөлөр ортосундагы ынак кошуналык мамилелерди ырааттуу бекемдөөгө чоң маани беребиз", - деп билдирди Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Соорноай Жээнбеков менен Чолпон-Ата шаарында болгон жолугушууда.

Эмомали Рахмон Кыргызстанга келүүгө чакыруу үчүн ыраазылык билдирип, меймандос кыргыз жергесинде жолугуп жатканына абдан кыбанычта экендигин баса белгиледи.

"Бул жолугушуу кыргыз-тажик күн тартибиндеги олуттуу маселелер боюнча биздин ортобуздагы конструктивдүү диалогду улантууга жакшы мүмкүнчүлүк берди. Биз Кыргызстан менен болгон тыгыз өз ара аракеттешүүнүн туруктуу өнүгүшүнө кызыкдарбыз, биздин өлкөлөр ортосундагы ынак кошуналык мамилелерди ырааттуу бекемдөөгө чоң маани беребиз. Тажикстан мындан ары карай да Кыргыз Республикасы менен саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин дагы бир жолу тастыктайт", — деп баса белгиледи Эмомали Рахмон.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барды. Эки мамлекеттер башчыларыгнын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыктын эң олуттуу маселелери, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий