• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Боливия дипломатиялык мамиле түздү

Саясат 0

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 25-майында Кыргызстан менен Боливиянын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлдү, - деп билдирет КР Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү М.Молдоисаева жана Боливия Мамлекетинин Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Ллорентти Солиз кол коюшкан.

"Биргелешкен билдирүүнүн текстинде тараптар БУУнун уставы жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чыңдоону, мамлекеттердин ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып дипломатиялык мамилелерди орнотушту", - деп айтылат маалыматта.

Биргелешкен билдирүүгө кол коюу аземинен кийин тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында достук мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле БУУнун линиясы боюнча эл аралык уюмдарга бири-биринин талапкерлерине колдоо көрсөтүү боюнча ниеттерин билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий