• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Бразилия диппаспорттуулар үчүн виза талабын жокко чыгаруу келишимине кол коюшту

Саясат 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде КР менен Бразилиянын өкмөттөрүнүн ортосунда дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттун ээлери үчүн виза талаптарын жокко чыгаруу тууралуу келишимине кол коюу аземи болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган келишимге КРнын Өкмөтүнүн атынан ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев, ал эми Бразилия Федеративдик Республикасынын өкмөтүнүн атынан Бразилиянын Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандагы элчиси Деметрио Буэно Карвальо кол койду.

Аталган келишимдин жобосунда дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттун ээлери үчүн башка тараптын мамлекетинин аймагына кирүү, чыгуу, транзит жана туруусу үчүн 90 күнгө чейинки аралыкта виза алуу талаптарынан бошотуу каралган.

Келишим акыркы тарап ички мамлекеттик процедуралардын бүткөндүгү тууралуу кат түрүндө кабардар болгон соң 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий