• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен БУУ кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кызматташат

Коом 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-апрелде ИИМ жетекчилиги БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгынын (БКБ) Борбор Азиядагы делегациясы менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага КР ИИМ орун басары, милициянын полковниги Нурбек Абдиев башында турган ИИМге караштуу бир катар кызматтардын жетекчилери, БУУ БКБнын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Ашита Миттал, аталган башкармалыктын КРдагы Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев, башкармалыктын Борбор Азиядагы адамдарды сатууга жана мигранттарды мыйзамсыз ташууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кеңешчиси Реда Сиргедиене, Борбор Азиядагы эл аралык координатору Кун Маркеринг катышты.

“Мен Сиздерди Кыргыз Республикасында көрүп жатканыма кубанычтамын. БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгы биздин республикадагы кылмыштуулук менен күрөшүү маселелерине олуттуу мамиле жасаары дагы бир жолу тастыкталды. Биз сиздердин Кыргызстандагы кылмыштуулук менен күрөшүү, анын ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, адамдарды сатууга каршы аракеттенүүжана укук бузууларды алдын алуу чөйрөсүнө кошкон салымыңыздар жогору”,-деди ИИМ орун басары Нурбек Абдиев келген конокторду жылуу тосуп алып.

Өз кезегинде Ашита Миттал ички иштер министринин орун басарын дайындалышы менен куттуктап, бул жогорку кызмат ордунда ийгиликтерди каалады.

“Биз белгилеп кетүүбүз керек, КР ИИМ кылмыштуулук менен күрөшүүдө маанилүү өнөктөш жана ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен кызматташуубуз жогорку деңгээлде. Андан сырткары, Кыргызстан башка өлкөлөр үчүн үлгү болуп, бир катар демилгелерди ишке ашырууга катышкан. Биз ички иштер органдарынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууга жана бекемдөөгө көңүл буруудабыз жана мындан ары дагы кызматташууга даярбыз. БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгы модернациялоо ишинде Кыргызстандын ИИМдин демилгелери менен күч-аракеттерин жогору баалайт”,-деди Ашита Миттал.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар улуттар аралык баңгикылмышы, экстремизм, адамдарды сатууга каршы аракеттенүүдөгү компетенттүү органдардын күч-аракеттеринин натыйжалуу механизмин координациялоо болуп саналган мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

“Өлкөдөгү жана бүткүл дүйнөдөгү коопсуздук үчүн эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, мындан ары жемиштүү кызматташууга КР ИИМ даяр экендигин билдирем. Сиздерге дагы бир жолу ыраазычылыгыбызды билдирүүгө уруксат этиңиздер”,-деди иш-чаранын аягында Н.Абдиев.

Пикир

Оставить комментарий