• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен БУУӨПтүн кызматташтыгынын маанилүү багыттары талкууланды

Коом 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Кечээ, 31-майда КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова БУУнун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө туруктуу өкүл Чемберлен Кыргызстан менен БУУӨПтүн ортосундагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы аракет жасоо, ошондой эле БУУӨПтүн Кыргызстанга карата 2023-2027-жылдардагы Өлкөлүк программалык документин кабыл алууга байланышкан эң актуалдуу багыттары боюнча сөз козгоду.

Тараптар адам өнүгүүсү, Кыргызстандын калкына сууга, энергияга, медициналык кызматтарга, билим алууга мүмкүнчүлүк ачууга жана башка ушул сыяктуу өзгөчө көңүл бөлүү зарыл экендиги боюнча бир пикирге келишти.

Министрдин орун басары Динара Кемелова Кыргызстандын алыскы айылдарды, алардын арасында Баткен облусун өнүктүрүү, социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана жакырчылык менен күрөш сыяктуу багыттар боюнча активдүү иш жүргүзүүнүн маанилүү экенин белгиледи.

Динара Кемелова эл аралык фонддорго жана донордук уюмдарга долбоордук документтерди даярдоо жана тапшыруу жаатындагы мамлекеттин жөндөмүн жакшыртуу боюнча кызматташтыктын маанилүүлүгүн да белгиледи.

Туруктуу өкүл Луиз Чемберлен БУУӨПтүн ушул жааттагы тажрыйбасы жөнүндө айтып берип, бул багытта кызматташууга даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий