• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чехиянын соода министри жана бизнесмендери Бишкекке иш сапары менен келишет

Экономика 0

Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Апрель айында Бишкекке Чехиянын өнөр-жай жана соода министри Марта Новакова жумушчу сапары менен келет. Бул тууралуу Чехиянын Кыргызстандагы элчиси Рудолф Гикл билдирди.

Анын айтымында, алдыдагы сапардын алкагында бир катар жолугушуу орун алып, эки өлкөнүн экономика багытында кызматташуусу талкууланат.

"Апрель айында Бишкекке ишкерлер делегациясы менен келе турган биздин өнөр-жай жана соода министринин сапарын даярдап жатабыз. Экономикалык кызматташуу боюнча эки келишимге кол коебуз деп күтүүдөбүз", - деди элчи.

Мындан тышкары, ал, бүгүн президент Сооронбай Жээнбековго Ишеним грамоталарын тапшыргандан кийинки сүйлөшүүнү айтып өттү.

"Сиздердин президент менен сүйлөшүү мен күткөндөй болду. Биздин мамилелерде тарыхый учур бар. Согушка чейинки жылдарда Бишкекте чехиялык ыктыярчылар иштеген. Ал учур унутулган жок", - деди ал.

Элчи Чехия Кыргызстандын демократия, демократиялык институттарды өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерин жогору бааларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий