• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Чехиянын ортосунда окуу борбору түзүлөт

Билим 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Кечээ, 23-июнда “Expo Eurasian-2022” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн жана “Eurasian Education Day” эл аралык форумунун алкагында тегерек стол өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова, Евразия элдеринин ассамблеясынын башкы катчысынын орун басары Михаил Федоров, Чехия-Орто Азия соода-өнөр жай палатасынын президенти Иржи Неставал жана Россия, Армениянын эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарага катышкан Кыргыз экономикалык университетинин ректору Алмаз Кадыралиев Чехия-Орто Азия соода-өнөр жай палатасы менен түзүлгөн келишимдин алкагында Кыргызстан менен Чехиянын ортосунда окуу борбору түзүлө тургандыгын билдирди.

“Бүгүн Чехия-Орто Азия соода-өнөр жай палатасы менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол койдук. Ошол келишимдин алкагында биздин студенттерге Чехиянын жогорку окуу жайларына барып окуп, тажрыйба топтоп келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эки өлкө ортосунда түзүлө турган борбор жалпы Орто Азия үчүн иштейт. Анда студенттер чет тилин, анын ичинде чех тилин үйрөнүшөт. Анткени студенттер ал жакка барганда стипендия алып, бекер окушат”, - деди Кадыралиев.

Пикир

Оставить комментарий