• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Челябинск облусу бизнес чөйрөсүндө кызматташат

Президент 0


Бишкек, 19-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-июлда, Челябинск областынын Бишкектеги күндөрүн өткөрүүнүн алкагында өлкөбүзгө келген Россия Федерациясынын Челябинск областынын губернатору Борис Дубровскийди кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Челябинск областынын ортосунда өз ара кызыкчылык туудурган жана колдогу потенциалды жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, экономикалык, анын ичинде экономикалык интеграция процессине байланыштуу мамилелерди тереңдетүү маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен губернатор Борис Дубровский туризм, айыл чарбасы, логистика, өнөр жай жана соода чөйрөсүндө өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен Челябинск областынын бизнес чөйрөсүнүн түз байланыштарын активдештирүү зарылчылыгын баса белгилешти.

Жолугушууда Челябинск областынан өкүлчүлүктүү делегациянын Кыргызстанга сапары өз ара пайдалуу жана иштиктүү мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө болооруна ишеним билдирилди.

Пикир

Оставить комментарий