• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Чилинин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 10.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8-июлунда Москва шаарында Кыргызстан менен Чили Республикасынын Россиядагы элчилери Гүлнара-Клара Самат жана Чжана Эдуардо Эскобар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Чилинин ортосундагы мамилелердин келечеги, ошондой эле соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алышты.

Тараптар кыргыз-чили кызматташтыгын чыңдоо үчүн ар кандай деңгээлдеги байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө өз ара пикирлерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий