• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР менен ЕБ ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Кечээ, 28-сентябрда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Брюсселге болгон иш сапарынын алкагында Европа Кеңешинин президентинин тышкы саясат боюнча башкы кеңешчиси Саймон Мордю менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулашты.

Министр Р.Казакбаев өлкөдөгү реформалар жана 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган КР Жогорку Кеңешине шайлоо тууралуу маалымат берди.

С.Мордю Европа Биримдигинин Кыргызстан менен өнөктөш мамилесин кеңейтүүгө даярдыгын ырастады.

КР президенти Садыр Жапаровдун Бельгияга боло турган иш-сапарына жана анын европалык институттардын жетекчилери менен жолугушууларына өзгөчө көңүл бурулду. Р.Казакбаев Европа Кеңешинин президенти Ш.Мишелге 2022-жылы Кыргызстанга жооп иретинде иш-сапары менен келип кетүүгө чакыруусун тапшырды.

Афганистандагы кырдаалга жана регионалдык коопсуздук маселелерине кайрылып, тараптар афгандык аялдар үчүн билим берүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, тынчтык орнотуу, баңгитрафикти, зомбулук экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүнүн алкагында кызматташуу боюнча пландарын талкуулашты.

COVAX программасынын алкагында калкты эмдөө жана Европа өлкөлөрүнө тоскоолдуксуз кирүү үчүн Кыргызстандын эмдөө сертификаттарын таануу маселеси өзүнчө талкууланды.

Тараптар курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин карашты. Европа тарап экология жаатында эксперттик кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий