• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Египет билим берүү тармагында кызматташат

Коом 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Кечээ, 9-декабрда Каир шаарында КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин Египеттин жогорку билим жана илимий изилдөөлөр министри Халед Абдель-Гаффар менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу Билим берүү, илим жана маданият боюнча Ислам уюмунун (ИСЕСКО) Башкы конференциясынын алкагында болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулап, билим берүү жана илим жаатында эки тараптуу документке кол коюу зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле Билим берүү министрлиги аркылуу өз ара иш сапарларды уюштуруу жана эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулар курамынын ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий