• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР менен Египеттин Тышкы иштер министрликтери аралык биринчи саясий кеңешме өттү

Саясат 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 7-декабрында Каир шаарында КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев менен Египеттин тышкы иштер министринин Азия иштери боюнча орун басары Айман Али Камелдин деңгээлинде Кыргызстан менен Египеттин Тышкы иштер министрликтери аралык биринчи саясий кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн өз ара иш сапарларын уюштуруу аркылуу эки тараптуу саясий диалогду өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти, эки мамлекеттин борборлорунда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу маселелерине токтолуп, бардык кызматташтыкты мындан ары да активдештирүүгө үмүттөрүн билдиришти.

Укуктук базаны кеңейтүү максатында тараптар туризм, билим берүү, медицина, айыл чарба, соода, инвестиция, дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлеринин визасыз жүрүүсү боюнча эки тараптуу документтердин долбоорлорун талкуулашты.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата тараптар 2022-жылы Маданият күндөрүн жана ага байланыштуу иш-чараларды биргелешип өткөрүүнү макулдашты.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында Египеттин Техникалык Кызматташтык Фонду (EFTC) менен ишти кайра баштоо жана Египеттен келген студенттерди Кыргызстандын эл аралык деңгээлде таанылган жогорку медициналык окуу жайларында окутуу максатында билим берүү тармагындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө да көңүл бурулду.

Эл аралык жана аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн эффективдүү аянтча болуп саналган ШКУнун алкагында Египет Араб Республикасынын «диалог боюнча өнөктөш» макамына ээ болушунун маанилүүлүгү белгиленди.

Ошону менен бирге, БУУнун органдарына жана башка эл аралык уюмдарга, анын ичинде ЮНЕСКО жана Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна (ICDO) шайлоо процесстеринин алкагында өз ара колдоо көрсөтүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Мындан тышкары, тараптар Египет Араб Республикасынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, консулдук кызмат көрсөтүүдө египеттик тараптын көмөк көрсөтүүсү жана уруксат кагаздарын алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча пикир алмашышты.

Кеңешменин жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү тереңдетүү жана эки тараптуу байланыштардын багыттарын көбөйтүү боюнча өз ара умтулууларын ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий