• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-египет мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Кечээ, 22-мартта Исламабад шаарында Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 48-сессиясына катышуунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Египеттин тышкы иштер министри Самех Хасан Шукри менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-египет мамилелеринин учурдагы абалын жана аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий байланыштарды түзүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле Кыргызстан менен Египеттин ортосунда приоритеттүү багыттар боюнча укуктук-келишим базаны кеңейтүү зарылчылыгы тууралуу макулдашууларга жетишилип, министр Р.Казакбаев египет тараптын кароосуна туризм, билим берүү, айыл чарба, медицина, коргоо жана инвестицияларды тартуу жаатындагы макулдашуулардын долбоорлорун сунуштады. Мындан тышкары өз ара соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында кыргыз тарап биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссия түзүү демилгесин көтөрдү.

Тараптар мындан ары БУУ, ИКУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну улантууга макулдашты.

Министр Р.Казакбаев египет тараптын Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү менен мындан аркы соода интеграциясы жана жаңы рынокторго чыгуу үчүн эркин соода келишимин түзүү боюнча жүргүзүп жаткан иштерин жогору баалады.

С.Шукри ИКУнун көмөкчү органдарынын алкагында кызматташууну чыңдоо максатында баш кеңсеси Каирде жайгашкан Аялдарды өнүктүрүү уюмунун Уставына кошулууну сунуштады.

Быйыл эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелеринин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында тараптар биргелешкен бизнес-форумдарды, маданият күндөрүн, туристтик көргөзмөлөрдү жана илимий конференцияларды өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары, министр Р.Казакбаев кыргыз тарап Кыргызстандын Египеттеги элчилигин түзүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын маалымдап, бул маселеде ЕАР тарабынан колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде, министр Р.Казакбаев кесиптешин маанилүү дата менен куттуктап, кыргыз-египет мамилелерин мындан ары өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын көз карашын белгилеген кайрылуу катын тапшырды.

Жолугушуунун аягында министр С.Шукри белгиленген максаттарды иш жүзүнө ашыруу максатында дипломатиялык каналдар аркылуу сапардын мөөнөттөрүн алдын ала макулдашып, Кыргызстанга келүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий