• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Австрияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Вена шаарында ЕККУнун Туруктуу кеңешинин төрайымы Ульрика Фунеред, ошондой эле ЕККУнун мурдагы жана кийинки төрагалыгынын туруктуу өкүлдөрү (ЕККУнун Үчилтиги) менен жолугушуусу болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери, коопсуздук жаатындагы эл аралык күн тартиби, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү, Афганистандагы кырдаалдын Борбордук Азиядагы коопсуздукка тийгизген таасири, ошондой эле ЕККУ мамлекеттеринде жашаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев Кыргызстандын афган жаштары үчүн КР ЖОЖдорунда билим алуу үчүн 500 виза берүү тууралуу демилгесин белгиледи.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы өлкөдө 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген парламенттик шайлоо жөнүндө маалымат берип, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун эл аралык байкоочулар миссиясын шайлоого карата көрүлгөн даярдыктарга жана добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө чакырды.

Р.Казакбаев ошондой эле келерки жылы Кыргызстанда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ЕККУга киргенинин 30 жылдыгына карата Борбордук Азия - ЕККУ жогорку деңгээлдеги иш-чарасын өткөрүүнү сунуштады. Иш-чаранын алкагында Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгын өнүктүрүүнүн жыйынтыктарын жана пландарын коопсуздуктун бардык үч өлчөмү боюнча талкуулоо сунушталды. Министр ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин алкагында долбоорлорду мындан ары кеңейтүүнү жактады.

ЕККУнун Туруктуу кеңешинин төрайымы У.Фунеред, өз кезегинде, коомду демократиялаштырууда жана саясий реформаларды жүргүзүүдө Кыргызстандын олуттуу жетишкендиктерин белгиледи жана ЕККУнун алдыдагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн Кыргызстанга эл аралык байкоочулар миссиясын жөнөтүүгө даярдыгын ырастады.

Пикир

Оставить комментарий