• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Бишкек шаарында 2021-жылдын 9-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2019-жылдын 8-августундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 28-июлунда кабыл алынган.

Аталган мыйзам Бишкек шаарында 2021-жылдын 9-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2019-жылдын 8-августундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу-катын ратификациялайт.

Макулдашуу-катына 77 айылда, 36 айылдык аймакта жана Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарындагы 5 шаарда экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу (экономикалык инфратүзүм объекттерин каржылоо), баштапкы медициналык-санитардык жардамга жана гигиенага жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жолу менен (социалдык инфратүзүм объекттерин каржылоо) COVID-19 пандемиясынын жайылышына байланышкан социалдык-экономикалык кырдаалга таасир этүүнү жумшартуу максатында кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий