• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуулар ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө Макулдашууну (CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору) жана 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен CASA-1000 Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун (CASA-1000) Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө Макулдашууну (CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору) ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 13-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Каржылоо жөнүндө Макулдашууга жана Грант жөнүндө Макулдашууга кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн социалдык жана экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө, «CASA-1000» электр берүү линиясына жакын жайгашкан максаттуу айылдардагы калкка, региондорду өнүктүрүүнүн социалдык маанилүү маселелерин чечүүгө коомчулукту тартуу максатында кол коюлган. Аталган Каржылоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасына 6 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо, 38 жылдык мөөнөткө, 0,75% пайыздык ставка менен 5,0 млн АКШ доллары суммасында кредит жана 5,0 млн АКШ доллары суммасында грант берүү жолу менен колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле Грант жөнүндө макулдашуунун алкагында «CASA-1000» Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасына 1,0 млн АКШ доллары суммасында грант берүү жолу менен колдоо көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий