• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташуусу Брюсселде талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 11.12.18 /Кабар/. Брюсселде Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташуусу боюнча кеңештин жыйыны өттү. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз делегациясын тышкы иштер министри жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков жетектеп барды. Экинчи тараптан ЕБдин кеңешинин төрагасы, Австриянын федералдык, интеграция жана тышкы иштер министри Карин Кнайсль жетектеген делегация катышты.

Европа тарап Кыргызстандын билим берүү тармагына 36 млн евро, социалдык жактан коргоо тармагын реформалоого экинчи транш менен 5,75 млн евро жана биринчи траншка калган 750 миң евро суммасындагы каражат бөлүүнү дагы бир ирет тастыктады.

Айдарбеков кыргыз тараптын Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча стратегиясын колдоорун билдирген. Документ 2019-жылы кабыл алынышы күтүлүп жатат.

Мындан сырткары, ВСП+ макамы эске алынган соода-экономикалык кызматташуулар талкууланды. Кыргыз тараптын Европанын рыногуна экологиялык таза азыктарды чыгарууга даяр экендиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий