• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы макулдашуу жаңыртылат – элчи

Саясат 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы макулдашуу жаңыртылат. Бул тууралуу брифингде Европа биримдигинин КРдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки макулдашуу 1999-жылы кабыл алынган.

“Эски келишимге 20 жыл болду, биз өнөктөштүгүбүздү кеңейткибиз келет”, - деди ал.

Өз кезегинде Евробиримдиктин КРдагы өкүлчүлүгүнүн саясат, пресса жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Раймондс Вингирс эки өлкөнүн ортосундагы мамилени күчтөндүрүү пландалып жаткандыгын айтты.

“Жаңы муундун келишимин 1999-жылдагы макулдашууга алмаштыруу керек. Реформалардын чоң процессин киргизүү күтүлүүдө. Жаңы макулдашуу соода, энергия, транспорт, байланыш, мобилдик технологиялар, билим жана инновациялар сыяктуу багыттардагы кызматташтыкты тереңдетүүгө арналган”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий