• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Европа биримдиги кызматташтык кеңешинин 18-жыйыны өттү

Саясат 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасы – Европа биримдиги кызматташтык кеңешинин 18-жыйыны видеоконференцбайланыш аркылуу өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз тарабын Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, ал эми Европа тарабын Португалия Республикасынын тышкы иштер министри, учурда Европа биримдигине төрагалык кылып жаткан Аугушто Сантуш Силва жетектеди.

Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелери, анын ичинде COVID-19 пандемиясынын контекстинде ишенимдүү шартта талкууланды. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги саясий байланыштарга, ошондой эле КР менен ЕБ ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюуга көңүл бурулду. 2021-жылы Бишкекте Европа биримдиги – Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумун уюштуруунун жана өткөрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, аймактык коопсуздук, анын ичинде Афганстандагы тынчтык процесси, терроризм, экстремизм жана баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү маселелери өзүнчө талкууланды. Тараптар чек араны башкаруу маселелери, кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар жана Кумтөрдөгү экологиялык кырдаал боюнча пикир алышты.

Жолугушууда ошондой эле мыйзамдын үстөмдүгү, демократиялык процесстер, жарандык эркиндик, адам укуктары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторун реформалоо, экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо, экономикалык реформалар, сот реформасын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын 2021-жылы Жогорку Кеңешине шайлоо жана коррупция менен күрөшүү маселелери талкууланды.

Министр Р.Казакбаев Европа тарабына, Кыргызстанга көрсөткөн саясий колдоосу жана долбоордук жана программалык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Министр А.Сантуш Силва Кыргызстандын демократияны өнүктүрүүдөгү аракеттерин жогору баалап, эки тараптуу жана аймактык маселелерди чечүүдө дипломатиялык мамилени жактагандыгы жана Афганистандагы тынчтык процессине кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын бардык спектрин, анын ичинде ЕБнын 2021-2027-жылдарга карата Көп жылдык индикативдик программанын жана Аймактык индикативдик программасынын алкагында мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын жана кызыкдар экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий