• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Европа Кеңешинин ортосундагы кызматташтык талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев 23-мартта Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын мүчөсү, Франциянын Улуттук ассамблеясынын депутаты, саясий иштер жана демократия боюнча комитетинин баяндамачысы Жак Мэр менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө маектештер Кыргызстан менен Европа Кеңешинин ортосунда туруктуу диалогду улантуу ниетин ырасташты жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясында Кыргызстандын “Демократия боюнча өнөктөш” макамынын алкагындагы биргелешкен иш боюнча тараптар кызматташуунун учурдагы абалы жана жаңы багыттар талкуулашты.

Министрдин орун басары Молдогазиев Жак Мэрге ички саясий трансформациялар жана адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө багытталган КРдагы демократиялык реформаларды ишке ашыруу тууралуу айтып берди.

Жак Мэр өлкөнүн демократиялык жетишкендиктерин кубаттап, демократиялык институттарды бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу өз көз карашы менен бөлүштү.

Жолугушууда ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде Украинадагы кырдаал да козголду.

Пикир

Оставить комментарий