• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Финляндиянын ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Н. Бардинова резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан Финляндиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сойли Мякелайнен-Буханист менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Финляндиянын Кыргызстандагы элчиси Сойли Мякелайнен-Буханист Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Н. Бардиновага ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды.

Өз кезегинде Бардинова Финляндиянын элчисин Кыргызстанга иш сапары менен келиши жана ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыруусу менен куттуктап, ишине ийгилик каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери да талкууланды. Тактап айтканда, тараптар эки тараптуу саясий кызматташтыкты өркүндөтүүнүн, тышкы иштер министрликтери аралык консультацияларды өткөрүүнүн, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар ошондой эле соода-экономикалык кызматташууну мындан ары активдештирүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Кыргыз тарап Финляндиянын делегациясын 2021-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында өтө турган ЕБ-БA экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Мындан тышкары, кыргыз-фин бизнес-форумун уюштуруу, финляндиялык компаниялардын Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү, КР ВСП+ макамын эске алуу менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, "жашыл экономика" жаатында өз ара аракеттенүүнүн келечеги маселелери көтөрүлдү.

Маектин жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Финляндиянын эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий