• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстан менен Финляндиянын саясий жана экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 26-майында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен онлайн режиминде видеоконференция форматында жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги саясий жана экономикалык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү контекстинде маселелерди талкуулашты.

Тараптар эки тараптуу саясий кызматташууну активдештирүүнүн жана жакынкы арада жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара иш-сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Министр Р.Казакбаев ошондой эле П.Хаавистого өлкөдөгү ички саясий өзгөрүүлөр жана Кыргызстандын Баткен облусундагы учурдагы кырдаал жөнүндө маалымат берди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кумтөрдун айланасындагы кырдаал, кенди иштетүүдө экологиялык нормаларды жана стандарттарды камсыз кылуу жана сактоо зарылчылыгынын контекстинде талкууланды. Өз кезегинде Хаависто Кыргызстандын экологиясына келтирилген зыянга байланыштуу оор кырдаалга өкүнүчүн билдирди.

Тараптар ошондой эле «Москва форматындагы» жана «Азия жүрөгү - Стамбул процесси» регионалдык демилгесинин алкагында регионалдык коопсуздукту чыңдоо, афган аралык элдешүүнү илгерилетүү маселелерин карап чыгышты.

Финляндиянын тышкы иштер министри министр Р.Казакбаевди Финляндияга расмий иш-сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий