• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Финляндия Кыргызстан менен соода байланышын активдештирүүгө кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Олави Хаависто менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Казакбаев КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Финляндиянын президенти Саули Ниинистого КР президенти Садыр Жапаровдун атынан ыраазычылык катты тапшырды.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, министр Хаависто өлкөлөр ортосундагы соода байланыштарын активдештирүүнүн максатка ылайыктуулугун белгиледи. Бул контекстте министр Казакбаев Финляндиядан жогорку деңгээлдеги делегациясын 2021-жылдын 5-ноябрына пландаштырылган “Европа Биримдиги - Борбордук Азия” биринчи экономикалык форумунун ишине катышууга чакырды.

Министр Казакбаев өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бир катар келишимдердин долбоорлорун фин тараптын кароосуна тапшырды.

Ошондой эле тараптар көп тараптуу платформаларда кызматташуу, эки өлкөнүн талапкерликтерине шайлануучу уюмдарга колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Афганстандагы кырдаал боюнча пикир алмашуу үчүн туруктуу байланышта болуу жөнүндө макулдашылды. Бул контекстте фин тарабына КР ТИМинин Дипломатиялык академиясынын базасында афгандык студенттерди кабыл алуу боюнча долбоо кароого тапшырылды.

Ошондой эле тараптар расмий сапарларды жасоо жөнүндө чакыруулар менен алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий