• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Франциянын парламенттер аралык кызматташуусунун келечектери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Кечээ, 18-ноябрда Парижде КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Франция Сенатынын «Франция-Кыргызстан» достук тобунун төрайымы Натали Гуле менен жолугушуусу болуп өттү.

Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнүн позитивдүү мүнөзүн белгиледи жана эки тараптуу парламенттер аралык кызматташуунун келечектерин талкуулады.

"Натали Гуле Кыргызстанда жүрүп жаткан өнүгүү процесстерин бөлүп көрсөтүү менен бирге кызматташууну бекемдөөгө Франциянын санаалаштыгы бардыгына ишендирди жана Кыргызстандын Франциядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы достук байланыштарды мындан ары бекемдөөгө түрткү берет деп белгиледи. Парламенттер аралык кызматташууну бекемдөө максатында 2020-жылы достук тобунун мүчөлөрүнүн Кыргызстанга сапары пландалып жатканын Франциянын Сенатынын мүчөсү маалымдады", - деп айтылат маалыматта.

Тараптар ошондой эле региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы бизнес байланыштары бекемдөө маселелерин талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий