• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Гамбург шаарынын ишкерлери ортосунда бизнес-форум өткөрүлөт

Экономика 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Гамбург шаарынын Соода өнөр-жай палатасынын президенти Норберт Ауст менен жолугушту.

Элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда элчи тарабынан энергетика, туризм, өнөр-жай жаатындагы Кыргызстандын инвестициялык долбоорлору сунушталды.

Элчи менен президенттин жолугушуусунда ушул жылдын апрель айында Кыргызстандын Соода өнөр-жай палатасынын президенти Темир Сариевдин Гамбург шаарына иш сапарын уюштуруу макулдашылды. Андан тышкары, 2023-жылдын күз айларында Кыргызстан менен Гамбург шаарынын ишкерлери ортосунда бизнес форум өткөрүү маселеси сүйлөшүлдү.

Ошондой эле Текебаев Кыргызстандын Гамбург шаарындагы Ардактуу консулу Карл Элерлинг жана Шлезвиг-Хольштайн федералдык жериндеги Ардактуу консул Кристоф Крошке менен жолугушкан. Анда 2023-жылы кыргыз-герман Ишкердин кеңештин жыйынын өткөрүү маселелери талкууланды.

Карл Элерлинг Кыргыз-герман ишкердик кеңештин теңтөрагасы катары 2023-жылдын апрелинде бир катар герман ишкерлеринин конкреттүү инвестициялык долбоорлору менен Кыргызстанга барарын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий