• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгынын негизги багыттары талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Кечээ, 4-июлда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик министри Тобиас Линднер менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун кыска жана орто мөөнөттө өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маселелери жана негизги багыттары талкууланды.

Тараптар акыркы 30 жылда болуп келген кыргыз-герман мамилелеринин жогорку деңгээлин баса белгилеп, саясий диалогду мындан ары өнүктүрүү жана ар-түрдүү тармактарда кызматташтыкты кеңейтүү максатында иш-сапарларды уюштуруу жана тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүү пландарын талкуулашты.

Элчи Текебаев Германия дүйнөдө алдыңкы саясий борборлордун бири экендигин жана Кыргызстан саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда активдүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Министр Тобиас Линднер 2022-жылдын июнь айында Кыргыз-Герман ишкерлер кеңешинин түзүлүшү жана биринчи отурумунун маанилүүлүгүн белгилеп, германиялык тараптын ар түрдүү тармактарда кыргыз-герман эки тараптуу мамилелерин мындан ары да чыңдоого даярдыгын билдирди.

Тараптар кыргыз-герман мамилелерин мындан ары өнүктүрүү максатында саясий диалогду улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий