• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан Германиянын Лютерштадт Виттенберг шаары менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-сентябрында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Саксония Анхальт федералдык жериндеги Лютерштадт Виттенберг шаарына барды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жумушчу сапардын негизги максаты Лютерштадт Виттенберг шаарынын мэри Торстен Цугехёр менен жолугушуу жана Кыргызстан менен Лютерштадт Виттенберг шаарынын ортосунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, айыл чарба тармактарында кызматташтыкты түзүү болду.

Жолугушуунун алкагында Лютерштадт Виттенберг шаары менен Кыргызстандагы шаарлар менен кызматташтыкты түзүүнү маселесин талкууланды.

Жолугушууну аягында элчи Эрлан Абдылдаев Лютерштадт Виттенберг шаарынын Алтын Китебине жазуу калтырды.

Жумушчу сапардын алкагында «Эльбнидерунг» ири айыл чарба кооперативинин жетекчиси Андреас Ханзен менен жолугушуу болду. Аталган кооператив саан уйларды багуу жана көбөйтүү жаатында алектенет.

Жолугушуунун аягында кыргызстандык айыл чарба ишкерлери менен аталган кооперативдин кызматташуусун түзүү макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий