• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Германиянын дипалакаларына 30 жыл. Берлинде атайын иш-чара өттү

Саясат 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчилиги Германиянын тышкы иштер Федералдык министрлигинин имаратында эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата кабыл алуу өткөрдү.

Иш-чараны Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жана Германиянын тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбор Азия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Маттиас Люттенберг ачышты.

Алгач элчи Текебаев сөз сүйлөп, Германия Кыргызстандын Европадагы эң маанилүү өнөктөшү экенин белгилеп, өткөн жылдардагы кыргыз-герман кызматташтыгынын жемиштүү жана көп кырдуу мүнөзүн жана эки өлкөнүн эки тараптуу кызматташууга кызыкдарлыгын баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU), Борбордук Азия геоилимдер институтунун (CAIAG), Кыргыз-герман прикладдык информатика институту жана Кыргыз-герман техникалык институтунун Кыргызстандагы көп жылдык жигердүү жана ийгиликтүү ишмердүүлүгү боюнча презентациялар көрсөтүлдү.

Кеченин алкагында келген коноктор Кыргызстан тууралуу сүрөт көргөзмө менен таанышып, улуттук тамак-аш жана суусундуктардан даам татышты. Ошондой эле конокторго Кыргызстан тууралуу видеороликтер көрсөтүлүп, КР эмгек сиңирген артисти Жамиля Райымбекова жана комузчу Үмүт Муратбекова өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Салтанатка тиешелүү адистер жана жетекчилер катышты.

Иш-чараны кыргыз жана немис тилдеринде Макс-Планк институтунун илимий кызматкери Махабат Садырбек алып барды.

Пикир

Оставить комментарий