• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Германиянын ортосунда ар кандай чөйрөлөрдө кызматташуу талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 30.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 29-октябрында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаевдин Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү Маттиас Люттенберг менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Германиянын ортосунда ар кандай чөйрөлөрдө кызматташуу жана 2022-жылы эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулганынын 30 жылдыгын майрамдоо алкагында биргелешкен иш-чараларды жана сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды.

2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында “Европалык Биримдик – Борбордук Азия” Биринчи экономикалык форумун өткөрүү жана анда германия тарабынын катышуусу тууралуу талкууланды. Ошондой эле Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин “Жашыл Борбордук Азия” демилгесинин алкагында кызматташуу жана ушул жылдын ноябрь айында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консультацияларын уюштуруу тууралуу сөз болду.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Абдылдаев 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо, өлкөбүздө коронавирус пандемия боюнча абал жана аны менен күрөшүү боюнча жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий