• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу маселелер талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. 2020-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Моника Иверсен менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Казакбаев өлкөдөгү ички саясий кырдаалдар жана алдыда боло турган маанилүү саясий окуялар, ошондой эле социалдык-экономикалык милдеттерди, коронавирус менен күрөшүүнү жана башка актуалдуу милдеттерди чечүүгө багытталган өлкө жетекчилигинин учурдагы ишмердүүлүгү жөнүндө Германиянын элчисин маалымдады.

"Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасына көптөгөн жылдардан бери жардам көрсөтүп келе жаткандыгына, айрыкча COVID-19га каршы күрөшүүдө колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди жана германия тарабы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө андан ары да колдоо көрсөтөрүнө ишеничин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Элчи Иверсен "Туруктуу экономикалык өнүгүү" жана "Саламаттык сактоо" сыяктуу багыттар боюнча Германия эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ) жана Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) линиясы боюнча Кыргыз Республикасында ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында кыргыз-германия эки тараптуу мамилелеринин жогорку деңгээлин канаттануу менен белгиледи. Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жолунда жетишкендиктерин жана өлкөдөгү демократиялык процесстерин андан ары да бекемдөөнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы эки тараптуу күн тартибинин маселелери талкууланды. Тараптар саясий диалогду андан ары бекемдөөгө жана эки тараптуу кызматташууну ишке ашырууга даярдыгын билдиришти.

Министр Казакбаев тарабынан өз ара кызыкчылыктарды жараткан ар түрдүү чөйрөлөрдө эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташууларды жигердештирүүнүн зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле тараптар Борбордук Азия боюнча Европа Биримдигинин жаңы Стратегиясынын алкагында мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий