• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Дрезден шаарында жаңы дайындалган Кыргызстандын ардактуу консулу Ставрос Эфремидис менен жолугушуу өткөрдү жана анын алкагында консулдук патент тапшырылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Абдылдаев Германияда жашаган кыргызстандыктардын укуктараны жана кызыкчылыктарын коргоого кылдаттык менен көнүл бурууну баса белгиледи.

Андан тышкары, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий –гуманитардык жана туристтик жааттарда кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий