• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Германиянын парламенттер аралык кызматташтыгын арттыруу талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 23-февралда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттары Германиянын Бундестагынын депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга аталган өлкө менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Гуля Кожокулова баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Балбак Түлөбаев, Бактыбек Чойбеков, Бахридин Шабазов, Медербек Алиев жана Фарходбек Алимжанов катышты.

Ал эми “Германия-Борбор Азия” достук тобунун жетекчиси Ойген Шмидт баштаган Бундестагдын делегациясын Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил коштоп келди.

Баарлашууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселеси көтөрүлдү.

Депутат Гуля Кожокулова уюштурулган жолугушуу эки тараптуу байланышты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенерин белгилеп: “Кыргызстан Европа биримдиги, анын ичинен Германия менен бардык багыттар боюнча жигердүү кызматташууга кызыкдар. Айрыкча Жогорку Кеңеш үчүн Бундестаг менен тыгыз иш алып баруу өзгөчө мааниге ээ. Анткени, демократияны бекемдөө, саясий партиялардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, мыйзам чыгаруу жана анын аткарышын көзөмөлдөө жаатында бай тажрыйбага ээсиздер”, – деди.

Ошондой эле жаш адистер үчүн берилүүчү Бундестагдын эл аралык стипендиясына Кыргызстанды да кошуу демилгесин көтөргөн Гуля Кожокулова 14,9 млн евро өлчөмүндөгү мамлекеттик карызды кечип, каражаттын ипотекалык насыялоо багытында жумшалышына шарт түзгөндүгү үчүн Германия тарапка ыраазычылык билдирди.

Муну менен катар жолугушууда экология, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү сунуштары айтылып, аталган багыттарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Өз кезегинде Бундестагдын депутаты, “Германия-Борбор Азия” достук тобунун жетекчиси Ойген Шмидт Кыргызстан менен кызматташуу Германия үчүн да артыкчылыкка ээ экенин билдирип, айтылган бардык маселелер караларын кошумчалады.

“Эки мамлекет ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүдө парламенттердин ролу жогору экенин эске алып, бул жаатта жигердүү алаканы калыптандырууга басым жасашыбыз кажет”, – деди Ойген Шмидт

Пикир

Оставить комментарий