• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Германиянын парламенттер аралык кызматташуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Кечээ, 27-январда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагындагы (Парламентиндеги) Борбордук Азия тобунун төрагасынын орун басары Андрэ Хандын жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-герман парламенттер аралык жана регионалдык кызматташууну кеӊейтүү маселелери талкууланды.

Министр Ч.Айдарбеков экономикага басым кылуу менен өз ара аракеттенүүнүн бардык спектрлери боюнча мындан ары кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Экономиканын түрдүү тармактарында кызматташуунун чоң дарамети бар экендигин баса белгилеп, Германияда жашаган кыргызстандык этникалык немистердин бул процесске жигердүү катышуусуна үмүт артты. Өз ара аракеттенүүнү бекемдөө максатында жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги өз ара сапарларды уюштурууну сунуштады.

А.Хан Кыргызстанда парламенттик демократия ийгиликтүү өнүгүп жатканын баса белгиледи жана кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташуунун алкагында мындан аркы ийгиликтүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдирди.
Ошондой эле Бундестагдын спорт жана туризм маселелери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызматын дагы аркалоо менен, А.Хан Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий