• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Грузиянын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 18-майда, Кыргызстан менен Грузиянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Давид Залкалиани телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү, атап айтканда, өкмөттөр тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле эки өлкөнүн медициналык мекемелеринин ортосундагы кызматташууну акивдештирүү боюнча өз ара аракеттенүү маселелерине негизги көңүл бөлүндү.

Карантиндик чараларга карабастан Грузиянын аймагы боюнча Кыргызстандын жүк ташуучуларына транзит берүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн кыргыз тарабы ыраазычылык билдирди.

"Андан тышкары, тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги байланыштардын графиги талкууланды. Тышкы саясий ведомстволордун башчылары эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУнун алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин да талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлер видеоконференция форматында министерлердин орун басарларынын деңгээлинде тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар мындан ары конструктивдүү, ишенимдүү жана өз ара пайдалуу мамилелерди курууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий