• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Япониянын адистери КРдагы жапайы өсүмдүктөрдүн үрөнүн изилдөөдө

Коом 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Япониянын улуттук айыл чарба изилдөөлөр борбору менен биргеликте Кыргызстандагы жапайы өсүмдүктөрдүн үрөнүн генетикалык деңгээлге чейин изилдөөдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын аталган министрлигинин айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти быйыл май айында Япониянын НАРО (улуттук айыл чарба изилдөөлөр) борбору менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн келишим түзүшкөн.

Келишимдин негизинде Кыргызстандын тоолуу аймактарында сейрек кездешүүчү жапайы өсүмдүктөрдүн үрөнүн чогултуп, алардын сапатын генетикалык деңгээлге чейин изилдеп, изилдөөнүн жыйынтыгын биргелешип пайдалануу үчүн Япониядан 2 жолу атайын адистерден турган миссия келген.

"Изилдөө иштерин биздин департаменттин өсүмдүктөрдүн генетикалык банкынын кызматкерлери менен биргелешип экспедицияга чыгып, керектүү генетикалык материалдарды чогултушту. Алар алгачкы экспедицияда Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарындагы тоо кыркаларын 10 күн ичинде кыдырып чыгып, изилдөөлөрдү жүргүзүштү", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми, экинчи келген миссия жогорудагы областардан тышкары Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында өстүрүлүп жаткан коон менен ашкабактын үрөндөрүн жыйнашкан.

2023-жылга чейинки жасала турган илимий изилдөөлөрдүн календардык пландары макулдашылып, алгачкы изилдөөлөр жемишин бере баштады.

Пикир

Оставить комментарий