• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Масаки Икэгамини кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулап, маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн оң динамикасын белгилешти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов япон тарапка өлкөбүздө ар кандай экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууга ошондой эле Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки жана Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркин Осоев катышты.

Пикир

Оставить комментарий