• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Индия аскердик кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр

Саясат 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Бактыбек Бекболотов Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Алокх Амитабх Димри менен жолугушту. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуунун учурдагы аспектилери боюнча пикир алмашуу орун алды. Анда генерал-майор Б. Бекболотов “Кыргыз-Индия эки тараптуу аскердик байланыштар акыркы жылдары активдүү жүрүп, тактап айтканда, аскердик билим берүү, аскердик-техникалык кызматташуу жана күжүрмөн даярдык багытында бир кыйла активдешип, үзүрлүү өнүгүүдө”,- деп белгиледи.

Жолугушуунун аягында тараптар эки өлкөнүн туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылууда Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы аскердик кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий