• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Индиянын кооперативдер бирикмеси өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Бишкекте кооперативдерди өнүктүрүү боюнча эл аралык форумдун алкагында Кыргызстандын кооперативдер бирикмеси менен Индиянын улуттук кооперативдер бирикмеси жана жер семирткичтер боюнча Индиянын дыйкандарынын кооперативи өз ара түшүнүү тууралуу меморандумга кол коюшту.

“Биз Кыргызстан менен кызматташууга даярбыз. Келечекте экологиялык жактан таза биологиялык жер семирткичтерди чыгаруучу ишкана курабыз. Биз өлкөбүздө кооперативдер өнүгүшү үчүн долбоорду каржылоого даярбыз”, - деди Чандра Пал Синх Йадав.

Кыргызстандын кооперативдер бирикмесинин президенти Назик Бейшеналынын маалыматына караганда, форумдун максаты - Кыргызстандын кооперативдери менен эл аралык кооперативдик кыймылдын ортосунда төмөнкүлөргө шарт түзүүчү көпүрөлөрдү куруу:

- Кооперативдердин мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, башкаруунун өзгөчөлүктөрү, каттоо, бухгалтердик эсеп, дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде кооперативдик уюмдардын аудити тууралуу маалыматка жетүү жана экспертиза алуу;

- Айыл-чарба жана керектөөчү кооперативдерин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн адистин маалыматын жана жардамын алуу;

- Азиядагы жана башка өлкөлөрдүн ири кооперативдеринин базасында окутуу жана тажрыйба алмашуу;

- Башка Борбордук Азия өлкөлөрү менен кооперативдерди өнүктүрүү демилгелеринин координациясы;

Пикир

Оставить комментарий